Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 68 чакырым Кочкор – Эпкин бөлүгүнүн курулушуна 78 млн доллар каражат берүүгө даяр

13-06-2019 15:03

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 –Кошумча каржылоо) жана Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2–Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу” ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун курулушуна 78 млн доллар көлөмүндө каражат, анын ичинде 68,5 млн доллар жеӊилдетилген насыя, 9,5 млн доллар грант берүүгө даяр. Насыяны жабуу мөөнөтү – 32 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 8 жыл. Ал эми кыргыз тарап 12 млн 750 миӊ доллар кошумча каражат кошууга тийиш. Насыя жеӊилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Депутат Алтынбек Жунус уулу мурда өздөрү тендерде утуп алган жолду туура эмес курган, жумушту убагында бүтүрбөгөн компаниялар бар экенин, аларды «кара тизмесин» түзүп, аларды жаӊы тендерлерге катыштырбоо, бул маселе боюнча Өкмөткө протоколдук тапшырма берүү зарылдыгын белгиледи. Мындай сунушту Айсулуу Мамашова да колдоду. «Жаӊы курулган жолдор бир жылга жетпей жарылууда, мындай компанияларды тендерге таптакыр жолотпош керек», - деди ал.

Ал эми депутат Улан Примов өлкө аймагында курулуп жаткан башка жолдордун абалына кайрылып, Транспорт жана жол министрлиги Бишкек – Кара-Балта жана Балыкчы – Корумду жолдорунун канчан бүтөрү жөнүндө бирдиктүү маалымат болбой жатканын айтты. Депутат Бактыбек Турусбеков Балыкчы – Тору-Айгыр бөлүгүндөгү 18 чакырым жолду эмдигиче кура албай жатканына нааразы болду. «Каражт жок деп отура бербей, жолду биржаӊсыл бүтүрүш керек», - деп кошумчалады ал.

Бир катар депутаттар жоопкерчиликтен качпай, тендердик комиссияларды Транспорт жана жол министринин орун басары же статс-катчысы жетектеши керектигин, ансыз жол тармагындагы, анын ичинде тендерлерди өткөрүү жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар жоюлбай турганын баса белгилешти. Мындай сунушту колдогон вице-спикер Аида Касымалиева бул маселе боюнча Өкмөткө протоколдук тапшырма бериле турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу – 433 чакырым. Төрт тасмалуу акы төлөнө турган жаӊы жол 2021-жылдын май-июнь айларында пайдаланууга берилүүгө тийиш. Азыр анын Балыкчы – Эпкин бөлүгүндөгү 68 чакырым жолдун курулушуна подрядчиктер тандалууда. Тендердин шарттарына ылайык, 1 км жолдун чыгымы – 700-750 миӊ доллар. Тендер жыйынтыгында ал арзандашы мүмкүн.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2005

Окшош жаңылыктар