Келишимге ылайык, жарандар эки өлкөнүн аймактарында виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат

13-06-2019 15:19

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Литванын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Келишим шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Депутат Акылбек Жапаров келишимди колдой турганын белгилөө менен бирге, Евробирликтин курамындагы өлкөлөр менен да ушундай келишимдерди түзүү зарылчылыгын айтты. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ал үчүн жарандарды биометрикалык маалыматтар камтылган паспорттор менен камсыз кылуу талабы коюлуп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, азыркы учурда отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы келишимдер түзүлгөн.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2212

Окшош жаңылыктар