Жогорку Кеӊеште «КР Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамдын жоболорун Конституция менен Бюджеттик кодекске шайкеш келтирүү демилгеси талкууланууда

28-06-2019 10:24

Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин демилгеси менен «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүүдө. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышып жатат. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Кубанычбек Нурматов мыйзам долбоору «КР Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамдын айрым жоболорун КР Конституциясы менен КР Бюджеттик кодексинин жоболоруна шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. «Ошону менен бирге, Эсептөө палатасынын ишинин ачык-айкындуулугун, парламенттин алдында отчеттуулугун арттыруу максатында, мыйзамга бир катар жаӊы ченемдер да сунушталууда», - деп, депутат коомдук угуунун катышуучуларын мыйзам долбоорун талкуулоо жүрүмүнө жигердүү катышууга чакырды.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3648

Окшош жаңылыктар