«Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган коомдук талкуу жыйынтыкталды

28-06-2019 11:33

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеӊеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин демилгеси менен «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өттү. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

Жыйын жүрүшүндө коомдук талкууга сунушталган мыйзам долбоору КР Конституциясына жана 2017-жылы күчүнө кирген КР Бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккандыгы белгилүү болду.

КР Эсептөө палатасынын өкүлү Миӊдайым Сейитбекова мыйзам долбоорундагы Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу отчет жөнүндөгү 61-берененин КР Президенти, Жогорку Кеӊеш менен Өкмөт тарабынан берилүүчү тапшырмалардын негизинде пландан тышкаркы көзөмөлдөө иш-чараларын жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы тууралуу пунктка тактоо керектигин айтты. Ошону менен катар ушул эле берененин отчет мезгили үчүн көз карандысыз аудиттин жыйынтыгын ачык-айкын сыпаттоо сунушталды.

Ал эми «Ачык өкмөт» коалициясынын мүчөсү Бакытбек Сатыбеков долбоор аркылуу Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчет жана мамлекеттик аудиттин ачык-айкындуулугу тууралуу беренелерге киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттоого алды.

Коомдук талкуунун дагы бир катышуучусу, эксперт Тимур Буржубаев мыйзам долбоорундагы бюджеттик системанын бюджетине аудит тууралуу ар жылдык отчет боюнча 59-беренеде республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчеттун тыянактары толук көлөмдө чагылдырылбаганын айтып, сунуштарын кагаз жүзүндө бермей болду.

Жыйынга катышкан депутат Орозбек Алыбаев Эсептөө палатасынын кызматкерлери дал ушул талкууга коюлуп жаткан мыйзам менен иш алпарарын эске салып, аларды мыйзам долбоору комитетте каралганга чейин сунушталган өзгөртүүлөрдү дыкат талдоого алып, сунуш-пикирлерди берүүгө чакырды.

Депутат Кубанычбек Нурматов коомдук талкууну жыйынтыктап жатып, өлкөнүн тышкы карыздары жакынкы жылдары көп көлөмдө төлөнө баштаарын айтып, Эсептөө палатасынын натыйжалуу иш алпарышы үчүн аталган мыйзамдагы кемчиликтерди четтетип, кенемтелерин толтуруу зарылдыгын баса белгиледи. Ал эми коомдук талкуунун катышуучулары тарабынан айтылган сунуш-пикирлер мыйзам долбоору тармактык комитетте каралганда эске алынмай болду.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 5072

Окшош жаңылыктар