Төрага Дастанбек Жумабеков: “Жогорку Кеӊештин өткөн сессиясында бир катар маанилүү мыйзамдар, олуттуу чечимдер кабыл алынды, көйгөйлүү маселелер каралды”

03-07-2019 12:29

Жогорку Кеӊештин өткөн сессиясында 66 жыйын өткөрүлүп, 102 мыйзам, 539 токтом кабыл алынды. 642 парламенттик иш-чара өткөрүлдү. Жарандардын 20565 кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 2938 жолугушуу өткөрүлдү. Парламенттик көзөмөл алкагында Өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын отчеттору угулду. Бул тууралуу Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеӊештин V сессиясынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн маалымат-жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Спикер өлкөнү өнүктүрүү, парламенттик демократияны калыптандыруу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жаатында жакындан көмөк көрсөткөнү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. “Жогорку Кеӊештин өткөн сессиясынын ишин жыйынтыктап жатып, ушул мезгил аралыгында бир катар маанилүү мыйзамдар, олуттуу чечимдер кабыл алынганын, көйгөйлүү маселелер каралганын баса белгилей кетим келет. Өзүӊөр жашы билесиӊер, бул багытта журналисттер, анын ичинде парламенттик кабарчылар менен тыгыз иш алпардык”, - деди Дастанбек Жумабеков.

Төрага сессия мезгилинде Жогорку Кеӊеш шайлоочулар, жарандык коом, бизнес чөйрөсү менен жигердүү кызматташып, резонанстык мүнөздөгү талылуу маселелерге да өз учурунда кайрылып турганына токтолду. “Сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекстерди колдонууга киргизүү, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу, радиациялуу кендерди иштетүүгө тыюу салуу сындуу көптөгөн көйгөйлүү маселелерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алып бердик”, - деди ал.

Төраганын айтымында, 56 өлкөнүн парламент өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйынынын аркасы менен Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселесин биргелешип талкуулоонун эл аралык аянтчасына айланган. ЕККУ ПА жыйынында коопсуздук маселелери, аны чечүүнүн жолдору, радикализмдин, экстремизмдин, наркотрафиктин, дагы башка тобокелчиликтердин алдын алуу чаралары талкууланды.

“Советтик үлгүдөгү өкүлчүлүктүү органдан эгемен мамлекеттин жогорку өкүлчүлүктүү органына өтүүнүн татаал тарыхый жолун басып өткөн кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекеси да урунтуу окуялардын бири болду. Анын алкагында иш-чараларды өткөрүү өнүгүүнүн ар бир этабынын жыйынтыгын чыгарууга, ийгиликтер менен мүчүлүштүктөрдү кайра аңдап-талдоого жана өнүгүүнүн андан аркы багытын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берди”, - деп кошумчалады Дастанбек Жумабеков.

Андан тышкары, Жогорку Кеӊештин Төрагасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кызыктырган, анын ичинде өлкө турмушуна, парламенттин ишине, азыркы саясий кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берди.

Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин V сессиясы өз ишин аяктады. Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышып, август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы. Ал эми Жогорку Кеӊештин келерки VI сессиясы сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2740

Окшош жаңылыктар