Жарыя: 9-июлда «Манас» эпосунун Сагымбайдын вариантынын негизинде жазылган кара сөз түрүндөгү эки томдуу роман боюнча пресс-конференция өтөт

08-07-2019 11:03

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевдин консультанты Төлөнбай Жолдошов тарабынан кыргыз элинин кылымдарды карыткан улуу «Манас» эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантынын негизинде кара сөз түрүндө эки томдуу роман жазылды.

Биринчи том Манастын төрөлүүсүнөн баштап, эр жетип, ыйык Ала-Тоону баскынчылардан бошотуп, кыргыз элин кайрадан туулуп-өскөн жерине алып келүүсүнө чейинки окуяларды өзүнө камтыйт.

Экинчи томдо Алооке кандын Манаска багынганынан баштап, баатырдын Каныкейге үйлөнүүсүнө чейинки окуялар баяндалат.

Роман Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан орто мектептердин окуучуларына, мугалимдерине «Манас» эпосун окууда кошумча материал катары колдонуу үчүн жактырылган.

Автор тарабынан романдын биринчи китебинин негизинде киносценарий жазылып, азыркы учурда ал боюнча кинотасма тартуу боюнча даярдыктар жүрүп жатат.

Пресс-конференциянын катышуучулары:

Т.Жолдошов – романдын автору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Турсунбаевдин консультанты

С.Байгазиев - Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын Илим жана Техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор

Т.Тургуналиев – Манас жана Ч.Айтматов атындагы Академиянын президенти, философия илимдеринин кандидаты

Э.Абдыжапаров – Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер

Актан Арым Кубат - Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер

Пресс-конференциянын өткөрүү орду:

Жогорку Кеңештин маалымат-жыйын борбору, 2019-жылдын 9-июлу, саат 14-00

Байланыш телефону: 63-02-00, 0776-123-684

 

Уюштуруу тобу

Көрүүлөрдүн саны : 2658

Окшош жаңылыктар