Депутаттар тобу Өзгөн районунун активи менен жолугушканда, бул аймакта чечиле турган көйгөйлүү маселелердин арбын экенине күбө болушту

09-07-2019 10:45

Жогорку Кеңештин депутаттары У.Ормонов, А.Касымалиева, А.Карашев, К.Баймуратов,  К.Зулушев, С.Келдибаев, Н.Каримов Өзгөн районунун өкүлчүлүгү менен жолугушту. Депутаттар мыйзам чыгаруу жаатында жасалып жаткан иштер, Өзгөн району боюнча өкмөттүн алдына коюлган милдеттер, анын аткарылышы, элдин өтүнүчү менен сунушталган социалдык обьектилердин курулушу боюнча маалымат беришти.

Депутаттарды коштоп келген министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана орун басарлар жол курулушу, мектептер менен бала бакчалардын курулушу, капиталдык ремонтко киргизилген социалдык обьекттер, депутаттардын суроо-талабы боюнча аткарууга алынган иштер туурасында элдин суроолоруна жооп беришти.

2019-жылга Өзгөн району боюнча 9 чакырым жолго асфальт төшөлөт, 4 чакырым шагыл жол салынат, мындан тышкары, жылыга жасалуучу ремонт иштери бүткөрүлөт. Бирок, жол тармагында аткарылып жаткан иштер менен катар эле аткарууну талап кылган көйгөйлүү маселелер арбын. Былтыр башталалып токтоп калган иштер да бар. Алсак, 15 жаш айылынын жолунун асфальты сыйрылып ошол боюнча калып калган.

Аталган райондо таза суу маселеси курч турган айылдар да көп. Ошону менен бирге эле айрыкча Өзгөн району боюнча авариялык абалдагы, эскилиги жетип кулаганы калган, балдарды окутууга жараксыз мектептер четинен чыгат. Депутаттар менен болгон жолугушууда жергиликтүү элдин өкүлдөрү мына ушул жана башка бир катар маселелерди козгошту.

Жолугушуунун жүрүшүндө дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу, майып балдардын ата-энелерине айлык төлөө боюнча аткарылып жаткан иштер, пенсияга чыгуудагы убаракерчиликти жеңилдетүүгө багытталган мыйзам кабыл алынганы, мугалимдердин айлыгын жакшыртууга багытталган иштер да колго алынып жатканы маалымдалды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 8511

Окшош жаңылыктар