"Бир Бол" парламенттик фракциясынын жыйыны өттү

08-08-2019 13:15

"Бир Бол" парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн фракция жыйынын өткөрдү. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынын тез арада өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасы Джумабеков Дастанбек Артисбековичке кайрылуу жолдоду.

"Бир Бол" парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 3009

Окшош жаңылыктар