Жогорку Кеӊеште 7-августта Кой-Таштагы окуяга байланыштуу кезексиз жыйын өтүп жатат

08-08-2019 14:07

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеӊеште кезексиз сессия болуп жатат. Кезексиз сессия бир нече депутаттардын сунушу менен 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, чакырылган. Кезексиз жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Жыйында КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев 7-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча маалымат берди. Анын айтымында, экс-президент А.Атамбаевдин тергөө органдары тарабынан 3 жолу болгон чакыруудан кийин мажбурлап алып келүү операциясы болгон. Операцияга «Альфа» тобунун жоокерлери резина октору менен барган. А.Атамбаевдин тарапташтары менен болгон кагылыштын натыйжасында 6 жоокер коргошун огу тийип, ооруканада оор абалда. «Альфанын» 25 жоокер ар кандай жаракат алышкан. Атайын даярдыктагы "Альфа" тобунун кызматкери Үсөнбек Ниязбеков октон каза болгон. УКМК жетекчиси О.Опумбаевдин белгилөөсүндө, атайын бөлүмдүн кызматкерлерин кармап, барымтага алуу мыйзамсыз.

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун сунушу менен 2019-жылдын 5-августунда Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук алтын кениндеги окуя боюнча дагы маалымат берүү күн тартибине киргизилди. Бул боюнча КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Өкмөт башчы М.Абылгазиев Бучук алтын кенине берилген лицензиянын тарыхына токтолуп, болуп өткөн окуя тууралуу маалымат берди.

Учурда депутаттар жыйынга келген күч органдарына суроо берип, жооп алышууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 4046

Окшош жаңылыктар