Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков маалымат берүүдө

08-08-2019 15:05

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков 8-августта өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясында Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берүүдө.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков билдиргендей, түзүлгөн кырдаалдан улам алты кылмыш окуясы катталган. Натыйжада 44 адам медициналык мекемелерге кайрылып, анын ичинен атайын кызматтын бир кызматкери каза болгон.

“Тартылган кызматкерлердин колунда эч кандай курал-жарак болгон эмес. Биздин негизги максат мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту коргоо”, – деди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакырган. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана тиешелүү күч түзүлдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3097

Окшош жаңылыктар