Жогорку Кеӊеш депутаттары өлкөдө туруктуулукту камсыздоо боюнча бир катар сунуштарды талкууга алышууда

08-08-2019 17:22

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеӊеште кезексиз сессия болуп жатат. Кезексиз сессия бир нече депутаттардын сунушу менен 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, чакырылган. Кезексиз жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышууда. Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун сунушу менен 2019-жылдын 5-августунда Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы Бучук алтын кениндеги окуя боюнча дагы маалымат берүү күн тартибине киргизилди.

Жыйын жүрүшүндө депутат Алмамбет Шыкмаматов күч органдарынын жетекчилеринин берген маалыматтарында жабыркаган эл тууралуу сөз болбогондугун сынга алды. Депутаттар Рыскелди Момбеков, Альфия Самигулина А.Атамбаевди күбө катары тергөөгө мажбурлап алып келүүдө атайын операциянын зарылдыгы жок болчу деген пикирлери менен бөлүштү. Ал эми депутат Курманкул Зулушев күч органдарынын жетекчилерин чечкиндүү болууга чакырды.

Депутат Алмазбек Баатырбеков УКМК төрагасынын кызматтан кетүү өтүнүчү кабыл алынбагандыгы белгилүү болгондон кийин, О.Опумбаевдин мындан аркы иш-аракетине кызыкты. УКМК төрагасы берилген тапшырманы аягына чыгарын билдирди. «Укук коргоо органдарынын кызматкери каза болуп жаткан окуяда күнөөлүүлөр жазаланышы керек»,- дейт депутат Дастан Бекешев.

Калдарбек Баймуратов баштаган бир катар депутаттар укуктук талаада бир катар чоӊ-чоӊ чиновниктер тергөө амалдарына чакырылып, сурак берип жаткандыгын тизмектеп, А.Атамбаев дагы тергөө органдарынын сурагына барышы зарылдыгын баса белгилешти.

Депутат Марлен Маматалиев социалдык түйүндөрдө эки жаат болуп, коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткан жагдайларга олуттуу мамиле жасоо керектигин айтты. Депутат Акылбек Жапаров өлкөдө туруктуулуктун камсыздалышы үчүн баардык шарттардын түзүлүшүнө Өкмөткө парламенттен кандай механизмдер керектигин сураса, депутат Төрөбай Зулпукаров түзүлгөн кырдаалды мыйзамдык талаага алып келүүнү сунуш кылды.

Жыйын жүрүшүндө депутат Чыныбай Турсунбеков Солтон-Сарыдагы окуяга токтолуп, жергиликтүү элдин жайлоонун экологиясы бузулуп жаткандыгы боюнча кайрылуу каты менен тааныштырып, аткаруу бийлигине элдин кайрылуусуна көӊүл бурууга чакырды. Депутат Алмазбек Баатырбеков дагы жергиликтүү тургундар жайлоолор талкаланып жатат деген нааразычылыктар менен чыккандыгын айтты.

Суроо-жооп уланууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 4814

Окшош жаңылыктар