ЖАҢЫЛЫКТАР 03.09.19.

03-09-2019 08:16

“Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 2-майындагы № 3027-VI токтомунун аткарылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы  Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бүгүнкү, 3 – сентябрдагы олтурумунда каралмакчы.

Бүгүн, 3 – сентябрдагы Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралат.   

Учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталып, иштеп жатканы менен, алардан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык процесстерди эске албаган чакан цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат. Бирок, талап толук сакталбагандыктан, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу. Ошондон улам, мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарылчылыгы жаралды. Жагдайды эске алып, Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап халал эт паркын куруу боюнча долбоор иштелип чыгууда. Бул тема Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кечээки олтурумунда талкууланды.

Келишимге ылайык, техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан соң, адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы. Долбоорду ишке ашырууга, - деп Ислам өнүктүрүү банкы 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат, - дейт Экономика министри Санжар Мукамбетов.

                          СНХ. С.МУКАМБЕТОВ

Талкуу жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов фермерлердин өндүргөн этинин экспортко чыгуусуна көмөктөшүү зарылдыгын белгилеп, укол аркылуу салмак кошуп жаткан малдардын этинен арылуу керектигин айтты.

                         СНХ.С.НЫШАНОВ

Депутат Төрөбай Зулпукаров азыркы учурда адал стандарттары дүйнөлүк деӊгээлге чыкканын, андан Кыргызстан да четте калбышы керектигин айтып, эл аралык ыкчам аракетте артта калууга негиз жоктугун эске салды.

                       СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Депутат Экмат Байбакпаев, - “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн келечеги кең”, - деп билдирди кечээки өткөн маалымат жыйынында. Анткени, ал бул багытта мыйзам демилгелеген депутат катары көптөгөн маалыматтарга ээ. Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоордун максаты энергетика чөйрөсүндөгү экономикалык жана уюштуруучулук укук мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө тикелей инвестицияларды тартуу, бул секторду мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттыруу, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууда энергетика субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин аныктоо жана тактоо болуп саналат.

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 – сентябрда республиканын тоолуу райондорунда кар жаап, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+21...+26, Талас:+20...+25, Ош, Жалал – Абад, Баткен: +24...+29, Ысык – Көл:+19...+24, Нарын:+9...+14 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 – сентябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +24...+26 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 58

Окшош жаңылыктар