ЖАҢЫЛЫКТАР 04.09.19.

04-09-2019 08:18

Кечээ, 3-сентябрда Төрага Дастанбек Жумабеков Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында, Кочкор районунун Мантыш айылына караштуу Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты. Аземдеги сүйлөгөн сөзүндө Төрага билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көрсөтүлгөн көмөк, өлкөнүн жаркын келечегине карата жасалган эң мыкты инвестиция экенин баса белгиледи. “Мектепке белгилүү ишмер Таалайбек Курткаевдин атынын берилиши кубанычтуу саамалык. Анткени, жакындан тааныган адам катары анын өз өлкөсүн сүйгөн, эмгекчил инсан экенине суктанчумун. Таалайбек Курткаевдин бирден - бир көздөгөн максаты өз кичи мекенин өнүктүрүп, социалдык көйгөйлөрүн чечүү эле. Бүгүн ишке берилип жаткан мектеп да ошол коюлган максаттардын үзүрү, - деп билем. Андыктан, ушул курулган заманбап мектептен жаш мекендештерибиз татыктуу таалим-тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.  Мектептин курулушу “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине ысмы ыйгарылган Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен жүргүзүлгөн. 280 орундуу мектеп бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.

Жогорку Кеңештин бүгүн 4 – сентябрда өтүүчү олтурумунда сентябрь айындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планы бекитилет. Ошондой эле мамлекеттик мүлк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да биринчи окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Өкмөт демилгелеп алып келүүдө.  

Өндүрүлүп жаткан тамак – аштардын адалдыгын аныктай турган адистердин учурдагы иш аракеттери анчейин болбой жаткандыгын айткан депутат Зиядин Жамалдинов, - бул багытта иш алып барып жаткан айрым жеке тараптардын далалаттары жакшы нукка түшүп калгандыгын айтып, Экономика министрлиги ошол өз алдынча иш алып барып жаткан жактар менен өз ара тажрыйба алмашып, биргелешип иштесе, - деп сунуштады.

                       СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Адал индустриясы мисалы, союлуп жаткан малдын этинин тазалыгынан эле эмес, ошол мал кандай чөп, кандай жем жегендигинен дагы көз каранды, - деген жагдайга депутат Руслан Казакбаев токтолду.

                      СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Азыркы тапта жергебизде иштеп жаткан мал союучу жайлардын эсеби 69 деп көрсөтүлгөн маалыматты депутат Тариэл Жоробеков тактап, бирок алардын талапка жооп бербегендигин эске алганда, экспорт жагы кандай болуп жатат? – деген суроону койду.

                     СНХ.Т.ЖОРОБЕКОВ

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 – сентябрда республиканын тоолуу райондорунда кар жаап, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+20...+25, Талас:+19...+24, Ош, Жалал – Абад, Баткен: +24...+28, Ысык – Көл:+19...+24, Нарын:+21...+26 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – сентябрда мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +24...+26 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 30

Окшош жаңылыктар