ЖАҢЫЛЫКТАР 05.09.19.

05-09-2019 08:34

Жогорку Кеңештин бүгүн, 5 – сентябрда өтүүчү олтуруму адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да биринчи окууда талданмакчы.  Андан сырткары “2019-жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралат. Аталган долбоордун техника-экономикалык негиздемеси кандай тартипте даярдаларына депутат Исхак Пирматов кызыкты.

                     СНХ.И.ПИРМАТОВ

Кыргызстан буга чейин дүйнөнүн 107 өлкөсү менен дипломатиялык кызматташтык мамилелерди орноткон. Эми ага дагы 5 мамлекет кошулганы турат. Алар Кирибати, Кабо-Верде, Науру, Мозамбик, Сент-Винсент, Гренадиндер өлкөлөрү.  Аталган мамлекеттер көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчө, ошондуктан алар кайсы бир маселелерди чечүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтө алышат. Бул тууралуу маселе Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралып,  жогорудагы өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникелердин долбоолору жактырылды.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын салыктык мыйзамдарындагы жалпы ыкма иштелип чыгат. Ал эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөр менен милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы буга чейин 30 өлкө менен ушундай эле мазмундагы келишим түзгөн.

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Бирок, ошол уюмда Кыргызстандын бир да өкүлү иштебегендиги иштин илгерилебей жаткандыгына себеп. Бул багыттагы фактыларды санаган депутат Каныбек Иманалиев тармактык комитеттин олтурумунда маселе көтөрдү.

                   СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Сырттан ташылып келип жаткан импорттук товарлардын сертификациясын талап кылган шартта Казакстан менен Россияга кайрылууга туура келет. Бул ата мекендик ишкерлер үчүн бир топ убара, - дейт депутат Чыныбай Турсунбеков.

                  СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Кыргызстан жашыл экономиканы өстүрүү багытында болгон мүмкүнчүлүгүн моблизациялап, эл аралык стандарттарды сактап иш алып барууга даяр. Бул жааттагы маселеге парламент кечээки олтурумунда кайрылды. Талкууда депутат Руслан Казакбаев жашыл экономика батыгындагы эл аралык уюмда өзүбүздүн өкүлүбүз болушу керек, - дейт.

                 СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5 – сентябрда республиканын тоолуу райондорунда кар жаап, айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+22...+27, Талас:+21...+26, Ош, Жалал – Абад, Баткен: +23...+28, Ысык – Көл:+18...+23, Нарын:+20...+25 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5 – сентябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +25...+27 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 32

Окшош жаңылыктар