ЖАҢЫЛЫКТАР 06.09.19.

06-09-2019 08:22

Жер ресурстары боюнча агенттик түзүлүп жатат. Демилге Өкмөткө таандык болгону менен, эмдигиче анын уюштуруу иштери баштала электей. Бул тууралуу депутат Иса Өмүркулов билдирди.

                               СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Депутат Дастан Бекешев 2020-жылы жарандардан бирдиктүү салык декларациясы алына (БСД) баштаарын эске салып, бирок бүгүнкү күндө ага тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүгүн, салык кызматы дагы даяр эместигин айтып, БСДнын мөөнөтүн жылдыруу керектигин сунуштады.

                              СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Майыптардын кайрылуусу менен тааныштырган депутат Аида Исмаилова, - “Мага кайрылгандар ар жыл сайын майыптуулугун тастыктап, тиешелүү комиссиядан жылыга маалымкат алуу маселесине нааразы болушууда”, - дейт.

                             СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Депутат Тариел Жоробеков айыл жерлеринде паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, көзү өткөндүгү жөнүндө маалымкат жана башка документтерди алууда кыйынчылыктарга кабылткан жагдайларды санады.

                            СНХ.Т.ЖОРОБЕКОВ  

Депутат Махабат Мавлянова Ноокат районундагы Кулатов жана Ынтымак айыл өкмөттөрүндө жашаган элдин арасында, айрыкча, аялдар менен балдар арасында онкологиялык оорулар көбөйүп бара жаткандыгынан коӊгуроо какты. Ал тиешелүү министрликтер мониторинг, иликтөөлөрдү жүргүзүп, анын себептерин аныкташы керектигин белгиледи.

                           СНХ.М.МАВЛЯНОВА

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 – сентябрда республиканын тоолуу райондорунда кар жаап, айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+18...+23, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен: +20...+25, Ысык – Көл:+16...+21, Нарын:+17...+22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6 – сентябрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +21...+23 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 37

Окшош жаңылыктар