ЖАҢЫЛЫКТАР 09.09.19.

09-09-2019 08:44

Бүгүн, 9 – сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кезектеги жыйынында “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөгү” мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да талкууга чыгат.  

Ушу тапта Кыргызстан Иран, Вьетнам, Араб өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт. Өлкө боюнча 53 субъектиге адал лицензиясы берилген. Мындан улам “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркын” түзүү долбоору даярдалууда. Жогорку Кеӊеш аталган маселени карап, техника-экономикалык негиздемесин даярдоого каралган грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын талдады. Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ долларды түзөт. Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт өкүлдөрүнө адал эт паркы жайгаша турган жерди тандаганда, Нарын жана Баткен облустарына артыкчылык берүүнү сунуштады.

                           СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1,5 млн бодо мал, 6 млн майда жандык бар. Бирок, малдын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн. Ошондуктан, бул багытта экспорттук мүмкүнчүлүктөр кеңири. Бул шартта адал стандартынын адам саламаттыгы үчүн маанилүүгүн арттырууга көңүл бурулушу керек, - деген депутат Руслан Казакбаев аталган стандарттын өзгөчөлүктөрүн айтты.

                          СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ

Депутат Алмазбек Эргешов Аксы районундагы Өзбекстан менен чектеш Дейре - Сай айылындагы эл таза сууну канчалаган алыстыктан ташып ичип жаткандыгын айтып, Өкмөткө маселе койду.

                          СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Социалдык обьектилерди жылдын март айынан кеч калбастан каржылоо маселеси боюнча Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу маалымат берген депутат Уланбек Примов, - социалдык обьектилердин курулушун каржылоо жылдын 3 - кварталына чейин созулуп жаткандыгына токтолуп,   айрыкча, бийик тоолуу райондордун социалдык обьектилерин курууга каражат август, сентябрь айларында бөлүнсө, курула турган обьектилердин сапатынын кепилдиги күмөн жаратаарын белгиледи.

                        СНХ.У.ПРИМОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9 - сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт. Абанын температурасы Чүй: 12…17; Талас: 11…16; Ош, Жалал – Абад, Баткен: 18…23; Ысы – Көл: 17…22; Нарын: 16…21; бийик тоолуу райондордо 5…10 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 9 - сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 24…26 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 45

Окшош жаңылыктар