Финансы рыногун көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таанылууда

11-09-2019 14:47

Жогорку Кеӊеште тиешелүү мыйзам-актыларды “КР Өкмөтү жөнүндө” мыйзамга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, учунчу окууда добуш беруугө жөнөтүлдү.

Баяндамачынын айтымында, финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен “КР Өкмөтү жөнүндө” мыйзамдын ортосунда карама-каршылыктар болгондуктан, Юстиция министрлиги мыйзам долбоолоруна терс бүтүмдөрдү берүүдө. Мунун кесепетинен мыйзамдардын долбоорлору КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизилбей калууда. Андан тышкары, Мамфинкөзөмөлдүн иш-милдеттерине жана ыйгарым укуктарына тиешелүү мурда белгиленбеген көп ченемдер андан ары жылдырылбай калууда.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 57

Окшош жаңылыктар