Пенсионерлердин үйүн салыктан бошотууга багытталган мыйзам долбоору кайчы пикирлерди жаратты

11-09-2019 15:17

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору 1-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Артыков А., Каримов Н.Т., Жоробеков Т.У., Орозова К.Б., Жолдошбаев К., Нышанов С.К., Мадеминов М.Г., Самигуллина А.Э., Карамушкина И.Ю., Арапбаев А.А., Райымкулов Б.К., Юсуров А.Л., Субанбеков Б.Ж., Тагаев Э.С., Шарапов З.Э., Пирматов И.А., Масабиров Т.А., Джураев С.М., Примов У.Б., Исмаилова А.Ж., Маннанов И.А., Эргешов А.М., Строкова Е.Г., Туманбаева Р.М., Осмонова А.Ш., Кулбараков А.И., Сулейманов Б.И., Жээнбеков А.Ш., Дюшалиев А.К., Момбеков Р.Ч., Мамашова А.Т., Нурбаев А.М., Турсунбаев А.А., Жунус уулу Адыл, Айнакулов М.А.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Анвар Артыков баяндама жасады. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору ишкердик иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү жолу менен пенсия жашына чыккан адамдарды татыктуу жашоо деңгээлине жеткирүү максатында иштелип чыккан. Башкача айтканда, пенсияга чыккан адамдын бир үйүн же бир квартирасын салыктан бошотууга багытталган.

Талкууда депутат Искендер Гайпкулов мыйзам долбоору үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинде эмгекке жарамдуусу болбосо мыйзамды карап чыгууга болоорун, болбосо колдоо зарылчылыгы жоктугун билдирди. Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов пенсионерлер дары-дармек алууга алы келбей жаткан бүгүнкүдөй шартта мыйзам долбоорун дыкаттап карап чыгып, колдоо керек дейт. “Туракжайга болгон салыкты таптакыр жоюу керек. Бирок, бүгүнкүдөй бюджеттин чамалуу шартында Өкмөттү дагы түшүнүү керек”,- деген депутат мыйзам долбоору азырынча эртелик кылат деген пикирин билдирди. Өкмөт бул мыйзам долбооруна каршы. Өкмөттүн мындай көз карашын бир катар депутаттар өз жүйөөлөрүн келтирип, колдоого алышты.

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-оууда добуш берүүгө жиберилди.

Ал эми жыйында каралган “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоорунун максаты Салык кодексинин ченемдерин КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү болуп саналат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 243

Окшош жаңылыктар