Быйылкы жылы кыргыз тилин билүү боюнча А1 деңгээлине тапшыргандар 6%ды түздү

11-09-2019 15:15

Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган сертификат ээлери эгер кааласа мөөнөтү чектелбеген шартта тиешелүү тертирлөөдөн өтүп тура алышат. Бул тууралуу маалымат берип,  “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева – Ставинская бүгүн, 11  - сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. 

2013 – жылдан бери иштеп келе жаткан “Кыргызтест” системасы аркылуу катардагы мамлекеттик кызматкерлер, президенттикке талапкерлер гана эмес, мектеп окуучулары дагы тил билүү деңгээлин аныктап алуу үчүн атайын тест тапшырып жүрүшөт.

Тест алкагында тил багытындагы 5 көндүм кылдат текшерилет. 2020 – жылга белгиленген программанын чектеринде аткарылуучу иштер толугу менен жүзөгө ашырылышы керек. Мисалы, мектеп бүтүрүүчүсү В1 деңгээлинде тил билүү жөндөмүн тастыктоого милдеттүү, - дейт “Кыргызтесттин” жетекчиси.

Ошондой эле адистин айтымында, быйылкы жылы кыргыз тилин билүү боюнча А1 деңгээлине тапшыргандар 6%ды түздү.

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 153

Окшош жаңылыктар