Депутат А.Баатырбеков: «Туризмди өнүктүрөлү дейбиз, бирок Эки-Нарын сыяктуу жаратылышы кооз жерлерге барчу жол, көпүрөлөрдүн абалы оор бойдон турат»

12-09-2019 11:08

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында бир катар депутаттар өлкө аймагындагы айыл аралык жолдордун абалын көтөрүштү.

Депутат Алмазбек Баатырбеков Ак-Талаа райунунун борбору Баетов айылынан Кош-Дөбө айылына чейинки 95 км жолдун абалына токтолду. Анын айтымында, бул жол 1980-жылдары курулган, бирок асфальт басылган эмес. Жергиликтүү тургундар жок дегенде шагыл төгүп, таптап турбаса бүгүнкү күндө жол кадимки эле шиферге айланып калгандыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгышууда. Ошондой эле мындай шиферге айланып калган жол Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүндө дагы бар. «Туризмди өнүктүрөлү дейбиз, бирок Эки-Нарын сыяктуу жаратылышы кооз жерлерге барчу жол, көпүрөлөрдүн абалы оор бойдон турат. Эки-Нарынга баруучу жолдогу Нарын дарыясынан өтүүчү жыгачтан салынган көпүрөнүн тешиктеринен дарыя агымы көрүнүп, өтө коркунучтуу абалда»,- дейт депутат.

Депутат Бакирдин Субанбеков дагы жол көйгөйүн улап, ага Жайыл районундагы Кара-Суу, Жайыл айылдарынын жолдорунун абалын мисалга тартты. Ошону менен катар депутат бул айылдарда спорт залдын жоктугун Өкмөткө багыттады.

Депутат Сайдилла Нышанов болсо Базар-Коргон районундагы Жай-Терек айылындагы жолду КР Транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүү чечими кабыл алынгандыгын айтып, жергиликтүү тургундар жок дегенде жолду сүрүп туруу үчүн атайын техника бөлүп берүүнү суранып жатышкандыгын маалымдады.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 114

Окшош жаңылыктар