Депутат М.Бакиров мал жандыктарын камсыздандыруу демилгесин көтөрүп чыкты

12-09-2019 11:39

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында катаал аба ырайынын кесепеттерин жоюу жолдорун ортого салышты.

Депутат Мирлан Бакиров ар жылы болбосо дагы мезгил-мезгили менен катаал аба ырайынын шарттарына байланыштуу мал жандыктары чыгымга учурап жаткандыгын айтты. Мындай жагдайда эл өкүлү мал жандыктарын камсыздандыруу маселесин карап көрүү зарылдыгына токтолду. Жергиликтүү бюджетке каражат түшө тургандай кылып, ал каражаттын кайсы бир бөлүгүн ушундай кырдаалдарда пайдалангандай кылып механизмдерин иштеп чыгуу зарыл»,- дейт ал.

Депутат Кожобек Рыспаев Суусамыр өрөөнүндө дыйкандардын кар астында калган эгин көйгөйүн айтып, чыгымды компенсациялоо боюнча маселени КР Өкмөтүнүн астына койду.

Депутат Абдывахаб Нурбаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катуу шамалдан көптөгөн үйлөр бир топ чыгымга учурагандыгы боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен тааныштырды. Караколдуктар бийликтен тиешелүү жардамдар берилсе деген өтүнүчтөрүн билдиришкен.

Депутат Пархат Тулендыбаевдин айтымында, Аламүдүн районуна караштуу 15 миӊдей тургуну бар Маевка айылында таза суу тутумун реабилитациялоо маселеси курч турат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 193

Окшош жаңылыктар