Кыргызстандын Париж Макулдашуусуна кошулуусуна байланыштуу ратификациялык мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

12-09-2019 13:00

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору каралды.

Жыйында КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору Мирслав Аманкулов 1-окуудагы мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 12-декабрында Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттык өзгөрүү жөнүндө алкактык конвенциясына кошулган 196 өлкө Париж Макулдашуусун бир добуштан кабыл алышкан. Бул Париж макулдашуусу климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун алкактык конвенциясынын жаӊы макулдашуусу болуп саналат. Аталган макулдашуу Киото протоколун алмаштыруу менен Конвенция боюнча жалпы аткаруучу иштерди күчөтүүгө багытталган. Париж макулдашуусунун максаты климаттын өзгөрүүсүнүн жагымсыз таасирлерине ыӊгайлашуу жөндөмүн жогорулатуу, финансы агымдарын туруктуу өнүгүү менен катар климаттын өзгөрүүсүнө ыӊгайлашууга багыттоо болуп эсептелинет.

Мирслав Аманкулов Кыргыз өлкөсү донор өлкө болбогондуктан, бул макулдашууга ылайык, башка мамлекеттерге жардам көрсөтүү боюнча милдеттемелери жок. Макулдашууга ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө аталган Макулдашуунун максаттарын ишке ашыруу үчүн кеӊейтилген эл аралык колдоо көрсөтүлөт.

Талкууда эл өкүлдөрү Париж макулдашуусунун алкагында эмне иш-пландар көрүлүп, конкреттүү кандай иштер жасала тургандыгына кызыгышты. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын агенттигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Париж макулдашуусуна Кыргызстандын кошулушу менен токой аянттарын көбөйтүү, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү сыяктуу иш-чаралар мерчемделип жаткандыгын айтышты.

Ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 682

Окшош жаңылыктар