Репрессиялык толкунга кабылгандардын эсеби 80 миңдей кишини түзгөн

16-09-2019 16:49

1918 – 1953 – жылдар аралыгында Кыргызстандан репрессиялык толкунга кабылгандардын эсеби 80 миңдей кишини түзгөн. Алардын арасында абакка олтургандары, кулакка тартылгандары да бар. Дал ошондой айыбы жок айыпка жыгылгандарды реаблитациялоого арналган мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу маалымат менен депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин Социялдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 16 – сентябрдагы олтурумунда тааныштырды.

Эл өкүлүнүн айтымында, кезегинде репрессиядан курман болгондордун “Ата - Бейитин” тапкан Болот Абдрахманов 20 жыл ичинде ак жеринен атылып кеткен 18 миң кыргызстандыктын дарек – дайынын, аларга козгон кылмыш иштерин тактап, чыккан. Эми алдыда анын энциклопедиялык китебин чыгаруу милдети турат. Академиялык аталган 10 томдук китептин алгачкы 100 – 150 нускасын чыгаруу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондусунан  250 – 300 миң сомдук колдоо суралып жатат, - дейт парламентарий.

Эгер академиялык басылма жарыкка чыкса, анын бет ачаары Жогорку Кеңеште жасаларын айткан К. Иманалиев, - автор Б.Абдрахманов Улуттук коопсуздук комитетинин ардагери экендигин да белгиледи. Кезегинде аталган органдын архиви менен иштөөгө сарптаган алтындай убактысы – Украинадагы бүтүндөй институт жасай турган көлөмдүү ишке барабар келерине да басым жасады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 321

Окшош жаңылыктар