ЖАҢЫЛЫКТАР 18.09.19.

18-09-2019 08:28

Бүгүн, 18 – сентябрдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү биринчи окууда карайт. “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Акыйкатчынын (Омбудсмендин) баяндамасы угулат. Ушуга типтеш 2018-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун баяндамасы да күн тартибине киригизилген.

Тышкы карыздарды төлөөнүн эң жогорку өлчөмү 2022 –  жылдарга туура келет. Алынган насыялардын басымдуу бөлүгүн Кытай мамлекетинен алынган каражаттар түзөт. Бул тууралуу КР каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Агрардык саясат боюнча комитеттин олтурумунда билдирди.

                    СНХ.Б.ЖЭЭНБАЕВА

Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесине, - деп 2019-жылдын үчүн 3 млрд 139 млн сом каралган. Андан тышкары кошумча каражаттар да тартылган. Баарын эске алганда, капиталдык салымдардын өлчөмү 5 млрд 159 млн сомду түздү. Бул тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитетинде айтылды. Депутат Уланбек Примов капиталдык салымдар беренесиндеги каражаттарды дагы көбөйтүү жагын сунуштады.

                   СНХ.У.ПРИМОВ

Парламентин тармактык комитети тиешелүү министрлик жана мекеме өкүлдөрү менен биргеликте жайыттардын учурдагы абалын талкуулады. Жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттарды жайыттарды жакшыртууга, аларды инвентаризациялоого жумшоо маселелери белгиленди. Комитет төрагасы Нурбек Алимбеков жайыттарды сактап калуу боюнча аткаруу бийлигинен конкреттүү иш-план талап кылды.

                  СНХ.Н.АЛИМБЕКОВ

Жайыттардын деградациялык абалы уламдан – улам өөрчүп бараткандыгы өкүндүрөт. Андай абалдан арылуунун кандай кадамдары жасалып жаткандыгына депутат Мирлан Бакиров кызыкты.

                 СНХ.М.БАКИРОВ

           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18-сентябрда жаан жаабайт. Түштүк - чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5 - 10 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй:23...28, Талас: 22...27, Ош, Жалал-Абад:25...30, Баткен:24...29, Ысык-Көл, Нарын:15...20 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18 - сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 25...27 градус жылуу.

Көрүүлөрдүн саны : 50

Окшош жаңылыктар