Өткөн жылы кыйноолор жөнүндө даттануулардын көбү ички иштер органдарынын кызматкерлерине багытталган

18-09-2019 12:38

Бүгүн, 18-сентябрда Жолгорку Кеӊештин жыйынында 2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасы угулууда.

Аталган улуттук борбордун директору Нурдин Сулаймановдун айтымында, 2018-жылы Улуттук борборго 238 кабарлоо (анын 43% кыйноолорго жана ырайымсыз мамиле жасоолорго даттануулар) келип түшкөн, алардын ичинен:

-кыйноолорду колдонуу жөнүндө – 123;

-ырайымсыз мамиле жасоолор жөнүндө – 52;

-кармоо шарттарына даттануулар- 24;

-башка даттануулар – 39.

Өткөн жылдардагыдай эле, 2018-жылы кыйноолор жөнүндө даттануулар менен жазуу жүзүндө келип түшкөн арыздардын абсолюттук көп бөлүгү (91,9%) ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан колдонулган кыйноолор. УКМКнын кызматкерлери колдонгон кыйноолор жөнүндө 6 кабарлоо бар. Прокуратура органдары тарабынан кыйноолорду колдонуу жөнүндө түшкөн 123 арызды кароонун жыйынтыктары боюнча 82 арыз боюнча жазык ишин козгоодон баш тартылган (67%).

Кыйноолор жөнүндөгү 123 арыздын 6 су “Кыйноо” беренеси боюнча жазык иши, 2018-жылы – 5 жазык иши жана 2019-жылдын январында 1 жазык иши козголгон. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий маалыматтары боюнча 2018-жылы прокуратура органдары тарабынан кыйноолор жөнүндө 131 арыз катталган, 5 арыз боюнча жазык иши козголуп УКМКнын тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.

Учурда суроо-жооп жүрүмү уланууда.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 417

Окшош жаңылыктар