Акыйкатчы институту менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун баяндамалары эске алынды

18-09-2019 16:27

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” Акыйкатчынын баяндамасы менен 2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдык баяндамасы угулду.

Депутат Жанарбек Акаев Акыйткатчы Т.Мамытовду өлкө аймагындагы кен иштеткен компанияларда кыргыз жарандарынын жашаган, иштеген шарттарына маани берип, алардын укуктарынын корголушуна маани берүүгө чакырды. Ошону менен катар Лейлек районундагы чек ара көйгөйү боюнча коӊгуроо каккан жергиликтүү кеӊештин депутаты суракка алынган жагдайларды дагы көз жаздымда калтырбай чара көрүү керектигин кошумчалады. Ж.Акаев Орусияда, Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо үчүн Акыйткатчы институтунун жок дегенде бир өкүлүн жиберүүнү сунуш кылды. Депутат ушул сыяктуу бир катар иштерди тизмектеп, мындай учурларда Акыйкатчы институтунун үнү угулбай жатканын баса белгиледи.

Акыйкатчы Т.Мамытов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жарандар өз укуктарын коргоо чараларын билбестигин айтып, бир катар мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы бар экенин кошумчалады.

Депутат Айнура Осмонова Акыйкатчы институту сураган маалыматтарды бербей койгон сот, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ачыкка чыгарылса коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларына чоӊ жардам болорун баса белгиледи.

Болоро-болбос кылмыштар менен чет жерде абакта отургандарды өлкөгө алып келүү иштери жетишерлик деӊгээлде жүрбөй жатканын айткан депутат Алмамбет Шыкмаматов анын себептерине кызыкты. Анын айтымында, чет өлкөлөрдүн абактарында отурган кыргызстандыктардын жалпы саны 1700. Алардын болгону 70и ган экстрадицияланган. «Адам укуктарын коргоо үчүн коомчулукка өз убагында ачык коӊгуроо кагып турсаӊыз»,- дейт А.Шыкмаматов.

Депутат мамлекеттик деӊгээлдеги жашыруун сырларды алып жүргөн аткаминерлердин айрымдары абакта отургандыгына токтолгон депутат Руслан Казакбаев аларга өзгөчө шарт керектигин айтты.

Жыйынтыгында 2018-жыл үчүн КР Акыйкатчысы менен Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча улуттук борбордун ар жылдык баяндамаларын эске алуу чечими кабыл алуу боюнча токтом кабыл алынды. Токтомдо Акыйкатчы инистуту менен аталган Улуттук борбордун берген сунуштамалары тиешелүү КР Өкмөтү менен мамлекеттик органдарга жиберүү белгиленген.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 431

Окшош жаңылыктар