ЖАҢЫЛЫКТАР 19.09.19.

19-09-2019 08:50

Бүгүн, 19 – сентябрдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш  Кыргыз – тажик чек арасындагы соңку абалды талкуулайт. Бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу сунушу Эл аралык комитеттин өкүлдөрү тарабынан көтөрүлгөн.  

                              СНХ.А.НУРБАЕВ

Депутат Карамат Орозова кыргыз – тажик чек арасындагы абал боюнча жергеликтүү кеңештин депутаттары ыкчам аракет кылып, коңгуроону алгачкылардан болуп каккандыгына токтолду.

                             СНХ.К.ОРОЗОВА

Депутат Жылдыз Мусабекова чек ара маселелери өтө актуалдуу болгондуктан, бюджет каралып жатканда чек арачылардын муктаждыктарын чечүүгө жетиштүү эле эмес, шыктандыра алгыдай каражат бөлүнүшү керек, - деди.

                            СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

Былтыркы жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Быйыл дагы салык көлөмү 10 пайызга чейин өсөт деген болжол Каржы министрлиги тарабынан айтылууда. Демек, Салык кызматы менен Бажы кызматына жогорулатылган план берилет. ”Андай болсо Эсептөө палатасынын аудиторлору башка нерселерди жазып салышкан го?” - деген соболго депутат Иса Өмүркулов жооп издеди.

                           СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

“Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Ал Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин олтурмунда каралып, концепциясы жактырылды. Долбоор негизинен, “жарандыгы жок адам” статусун алуу маселелерин жөнгө салуу боюнча укуктук негиздерди белгилөө максатында иштелип чыккан. Депутат Максат Сабиров чет элдик жарандарга мекен –карт берилсе жакшы болмок, - дейт.

                         СНХ.М.САБИРОВ

1918 – 1953 – жылдар аралыгында Кыргызстандан репрессиялык толкунга кабылгандардын эсеби 80 миңдей кишини түзгөн. Алардын арасында абакка олтургандары, кулакка тартылгандары да бар. Дал ошондой айыбы жок айыпка жыгылгандарды реаблитациялоого арналган мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу маалымат менен депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин Социялдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин олтурумунда тааныштырды.

                        СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-сентябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй:24...29, Талас: 23...28, Ош, Жалал-Абад, Баткен:26...31, Ысык-Көл:16...21, Нарын:17...22 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 19 - сентябрда жаан-чачын болбойт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 27...29 градус жылуу.

Көрүүлөрдүн саны : 54

Окшош жаңылыктар