ЖАҢЫЛЫКТАР 20.09.19.

20-09-2019 08:54

Бүгүн, 20 – сентябрдагы олтурумунда  КСДП фракциясы Экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү маселе карайт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасайт.

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет “Кумтөргө” кен казуу үчүн Сарычат-Ээрташ коругунан 4380 гектар жер берилип, 16 миң гектар жер компанияга өтүп кетти деген маалыматтын чын төгүнүн тактоо үчүн “Кумтөрдө” көчмө жыйын өткөрдү. Компаниянын өкүлдөрү маалымдагандай, алгач кен казуу иши башталган 1994-жылы компанияга 10 миң гектар жер бөлүнгөн. Кийин 2009-жылы Өкмөт менен келишип, чалгындоо үчүн дагы 16 миң гектар жер берилген. Учурда “Кумтөрдүн” балансында 26000 гектар жери бар. “Ишкананын өкүлдөрүнүн айтканына караганда, азыр мурунку алган 10 000 гектар жердин аймагында жүргүзүүдө. Ал эми 16 миӊ гектар жерде келечекте кен казуу иши болбойт деп айтып жатышат”, - деди эл өкүлү Нурбек Алимбеков

“2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” баяндама менен тааныштырган Акыйкатчы Токон Мамытов жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мигранттардын абалы боюнча да эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Омбудсмендин белгилешинче, айыпка жыгылгандардын басымдуу бөлүгү Россия өлкөсүндөгү мекендештерибиздин арасында катталган.

                        СНХ.Т.МАМЫТОВ

Депутат Жанарбек Акаев Орусияда, Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо үчүн Акыйткатчы институтунун жок дегенде бир өкүлүн жиберүүнү сунуш кылды.

                       СНХ.Ж.АКАЕВ

Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында Кыргыз – тажик чек арасындагы абалды, соңку мыйзамсыз курулуш иштеринин кесепети тууралуу маселени жабык эшиктер артында карады. Бул жагдайды жеринен көрүп келүү үчүн Төраганын тапшырмасы менен атайын вице – спикерлер баштаган депутаттардын тобу да Лейлек районунда болуп келишти. Андагы айрым фактыларга депутат Талант Мамытов “Парламент” радиосуна курган маегинде токтолду.

                     СНХ.Т.МАМЫТОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20-сентябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас: 27...32, Ош, Жалал-Абад, Баткен:28...33 градус ысык болот. Ысык-Көл:16...21, Нарын:19...24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 20 - сентябрда жаан-чачын болбойт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 30...32 градус ысыйт

Көрүүлөрдүн саны : 55

Окшош жаңылыктар