КСДП фракциясы Өкмөттүн кышка даярдануу боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматын укту

20-09-2019 12:51

Бүгүн, 20-сентябрда КСДП парламенттик фракциясы экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматын угушту. Жыйынга КР Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев жана башка тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү жетекчилердин маалыматы боюнча Өкмөт күз-кыш мезгилдеринде жылытуу маселесине жалпы жонунан даяр. Нарын дарыясындагы суунун көлөмү аз болгону менен быйылкыга жетиштүү. Ата мекендик көмүр кендери менен келишимдер түзүлгөн. Ал эми Казакстандын шабыркүл көмүрү бүгүн-эртеӊден тарта келип баштайт.

Суроо-жооп жүрүмүндө депутат Абдывахаб Нурбаев жалпы эле элге газ берүү – газдаштыруу маселесин ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Нодирбек Каримов жер-жерлердеги эскилиги жеткен же керектен чыккан электр линияларын, трансформаторлорду алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыкты. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдун айтымында, бул көйгөй барып-барып каражатка такалып жаткандыгын айтты. Эл өкүлдөрнүн суроолоруна жооп берип жатып Айтмамат Назаров энергетика тармагында оптимизация жүргүзүлмөйүн, тариф саясаты боюнча сөз болбостугун баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө туракжай куруу үчүн жерди трансформациялоо маселеси чечилбей жаткандыктан, бир үйдө 3-4 үй-бүлө жашаганга аргасыз болууда. Мындай маселени көтөргөн депутат Өмүрбек Бакиров 3-4 үй-бүлө турган бир үйгө чектелген 700 кВ электр энергиясы жетишсиз экендигин Өкмөттүн астына койду.

Жыйын жүрүшүндө электр энергиясын майнинг компанияларга сатууга уруксат берилип, кайра токтотулгандыгы дагы кызуу талкууну жаратты. Фракция лидери Иса Өмүркулов  энергетика тармагынын 103 млрд сомдук карызы, ал эми жылдык киреше болгону 20 млрд сомдун тегерегинде болуп жаткан шартта, ошондой эле бул тармакка адистер тартылбай жаткан жагымсыз көрүнүштөр менен кырдаалдан чыгып, энергетика тармагын өнүктүрүүгө болбостугун баса белгиледи.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 441

Окшош жаңылыктар