«Республика – Ата Журт» фракциясы КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын январь-август айларына карата бюджеттин аткарылышы тууралуу маалыматын эске алды

20-09-2019 13:40

Бүгүн, 20-сентябрда «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаттары 2019-жылдын январь-август айларына карата республикалык бюджеттин аткарылышы жана мугалимдердин айлык маянасы менен пенсияларды жогорулатуу боюнча маселени карашты.

Фракция жыйынында КР вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана каржы министри Бактыгүл Жээнбаева аталган мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат беришти.

Талкуу учурунда фракция депутаттары Өкмөт мүчөлөрүнүн көӊүлүн бюджеттин киреше бөлүгүн  аткаруу зарылдыгына, жүктөрдүн аткезчилик менен кирип жаткандыгына каршы күрөштү күчөтүүгө, мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарууга, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча обьектилерди өз маалында каржылоого бурушту.

Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү педагогикалык корпусту социалдык жактан колдоо тутумун өнүктүрүү, бала бакчалардын, интернат мекемелеринин кызматкерлерине, ошондой эле жаш мугалимдер менен врачтарга эмгек акы төлөө  шарттарын жакшыртуу жана региондордо мугалимдер менен врачтардын жетишсиздигин чечүү зарылдыгын баса белгилешти.

Жыйынтыгында фракция депутаттары Өкмөттүн 2019-жылдын январь-август айларына карата республикалык бюджеттин аткарылышы жана мугалимдердин айлык маянасын жана пенсияларды жогорулатуу боюнча маалыматын эске алуу чечимине келишти. Мындан сырткары, фракция чечими менен аткаруу бийлигине бюджеттин корголгон беренелери боюнча каржылык тартипти күчтөндүрүү, бажы мыйзамдарын бузгандарды аныктоо жана аларды өз убагында четтетүү, ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр өндүргөн товарларды экспорттоо потенциалын жогорулатуу максатында аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү сыяктуу сунуштамалар берилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 413

Окшош жаңылыктар