Төрага Дастанбек Жумабеков Кара-Буура районунда иш сапары менен жүрөт

20-09-2019 15:40

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районуна караштуу Куру-Маймак айылына курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Белгилей кетсек, аталган айылда 100гө чукул кожолук бар. Бирок азыркыга чейин бала бакча болгон эмес. Андыктан, сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) бала бакча куруп берүү ишин колго алган.

Капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков балдар өлкө келечеги экенин белгилеп: “Бул айылда бала бакча болгон эмес. Биз жолугушууга келген сайын айыл тургундары негизги көйгөй катары көп көтөрүшчү. Эми минтип, элдин тилеги орундалып наристелерибиз үчүн жаңы бала бакчанын пайдубалы түптөлүүдө. Ушул ишке көмөкчү болгон Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин өкүлдөрүнө чоң ыраазычылык билдирем. Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча жарлыгына ылайык, бул долбоор жакшы саамалык болуп турат”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, бала бакча 50 орунга ылайыкташтырылган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 548

Окшош жаңылыктар