Төрага Дастанбек Жумабеков Бакай-Ата районунда жайгашкан Чубак Сатаев атындагы маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушту

20-09-2019 18:21

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында болуп, Чубак Сатаев атындагы маданият үйүнүн толук оңдоп түзөөдөн кийинки  ачылыш аземине катышты.

Эскерте кетсек, аталган маданият үйү советтер союзу учурунда салынып, кийин өрттөнүп кеткендигине  байланыштуу имарат пайдаланылбай турган. Эки жыл мурун түрткү берүүчү  гранттын эсебинен атайын каражат бөлүнүп, оңдоп-түзөө иштери башталган. Бирок каржы тартыштыгынан улам ички жасалгасы жана жабдуулары жок болуп иштетилбей турган. Ага ылайык, сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен маданият үйүнүн отургучтары толугу менен коюлуп, керектүү жабдуулар алынып келинген.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков коомдун руханий өнүгүшүндө маданий жайлардын мааниси жогорку экенин белгилеп, кыргыз мамлекети менен тыгыз кызматташып келе жаткан Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (ТИКА)  өкүлдөрүнө  ыраазычылык билдирди.

Аземдин алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушуп, жыйын социалдык, инфраструктуралык маселелерге байланышкан талкуу менен уланды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 416

Окшош жаңылыктар