Төрага Дастанбек Жумабеков Улуттук көчмөндөр оюнунун алкагында өтүп жаткан көк бөрү таймашына күбө болду

22-09-2019 09:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусунда өткөрүлүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган Көк бөрү оюнунун финалдык беттешине катышты.

Анда, Чүй облусунун жана Ош облусунун курама командалары беттешип, жеңишке Чүй облусунун командасы жетишти. Командаларды куттуктаган Төрага Дастанбек Жумабеков көк бөрү оюну аймактар аралык ынтымакты бекемдеп жатканын баса белгилеп, оюнчуларга ийгилик каалады.

Кошумчалай кетсек, Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюну өтүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 410

Окшош жаңылыктар