ЖАҢЫЛЫКТАР 23.09.19.

23-09-2019 09:00

Бүгүн, 23 – сентябрдагы олтурумунда  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да талкууга чыгат. “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү дагы күн тартибинде киргизилген. “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да бул жолку комитет олтурумунун негизги маселелеринин бири.

КСДП парламенттик фракциясы экономика тармактарын жана калкты 2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматын укту. Анда айтылгандай, өкмөт күз - кыш мезгилдеринин жылытуу иштерине жалпысынан даяр. Нарын дарыясындагы суунун көлөмү аз болгону менен быйылкыга жетиштүү. Ата мекендик көмүр кендери менен келишимдер түзүлгөн. Ал эми Казакстандын шабыркүл көмүрү чукул арада келип баштары белгилүү болду. Ошентсе да, фракция лидери Иса Өмүркулов  энергетика тармагынын 103 млрд сомдук карызы, ал эми жылдык киреше болгону 20 млрд сомдун тегерегинде болуп жаткандыгын айтып, аталган тармакта да адистердин жетишсиздиги жок эместигине токтолду.

                          СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Талкууда депутат Абдывахаб Нурбаев газдаштыруу маселесин ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи.

                         СНХ.А.НУРБАЕВ

Эскилиги жеткен же керектен чыккан электр линияларын, трансформаторлорду алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге депутат Нодирбек Каримов кызыкты. Ал эми депутат Кожобек Рыспаев ишкана – мекемелердин электр энергиясына болгон карыздарынын туумдары боюнча маселе көтөрдү.

                        СНХ.К.РЫСПАЕВ

Бүгүнкү күндө турак - жай куруу үчүн жерди трансформациялоо маселеси чечилбей жаткандыктан, бир үйдө 3 - 4 үй-бүлө жашаганга аргасыз болууда. Мындай маселени көтөргөн депутат Өмүрбек Бакиров 3 - 4 үй-бүлө турган бир үйгө чектелген 700 кВ электр энергиясы жетишсиз экендигин Өкмөттүн астына койду.

                       СНХ.Ө.БАКИРОВ  

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23-сентябрда Чүй, Талас, Жалал – Абад, Ысык – Көл областтарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй: 20...25, Талас: 19...24, Ош, Жалал-Абад, Баткен:23...28 градус ысык болот. Ысык-Көл:20...25, Нарын:23...28 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 23 - сентябрда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 22...24 градус жылуу.

 

Көрүүлөрдүн саны : 59

Окшош жаңылыктар