Ташуучунун жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүн Өкмөт бекитет

30-09-2019 16:58

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүнкү,  30 - сентябрдагы олтурумунда “Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Ал ташуулардын учурунда өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилген жабырлануучулардын кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы камсыздандыруу мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору болуп саналат.

Ташуучунун жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруунун түрү боюнча камсыздандыруу эрежесинин шарттары менен тартибин Өкмөттүн бекитет, - деген толуктоо сунушталууда.

Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнүн эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитсе камсыздандырылуучулар менен камсыздандыруучулардын кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулук калыбына келтирилет.

Ошондой эле организмдин функцияларынын бузулуу даражаларына, жабырлдануучуга майыптуулук тобунун белгилениши же каза болгондорго камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн эсептеп чыгуунун бирдиктүү тартибин жана усулун белгилөө жагы да мыйзам долбоорунда камтылган.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүнүн аткарылышын чыңдайт. Жарандардын укуктарынын ишке ашырылышы камсыз кылынат, жабырлануучуга келтирилген зыяндардын орду өз учурунда кайтарылып берилет. Кооптуу өңдүрүштөрдүн коопсуздуктары жогорулатылат, - деп белгиленүүдө.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 287

Окшош жаңылыктар