ЖАҢЫЛЫКТАР 02.10.19.

02-10-2019 08:29

Бүгүн, 2 – октябрдагы олтурумунда  Жогорку Кеңеш октябрь айынын календарлык иш планын бекитип алган соң,  “Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү”  мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт.  “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда талданат.  

“Кесиптик бирликтер жөнүндөгү”  депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан мыйзам долбоору да парламенттин бүгүнкү олтурумунун негизги маселелеринин бири. Долбоордо профсоюздар федерациясында иштегендердин жаш курагын кайра карап чыгуу талабы да коюлууда.

                          СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Экинчи окууга сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун алкагында Социалдык маселелер боюнча комитетинде да кызыл чеке жараткан талаш – тартыштар жаралды. Анда депутат Кожобек Рыспаев профсоюздар федерациясынын төбөлдөрү алып жаткан айлык акылардын акыл жеткис болуп жаткандыгын айтты.

                         СНХ.К.РЫСПАЕВ

Профсоюздардын 754 миң мүчөсү бар. Ошол ар бир кызматкердин айына которгон 100 сомун эле эсепке алганда дээрлик 1 миллиард сомго жакын каражат чогулат. Андан тышкары, мүлктөрү да ич ара сатылып жаткан жокпу? Мунун баардыгы ачык – айкын маалымат каражаттарына жарыяланып турушу керек.

                        СНХ. Г.АСЫЛБАЕВА

Депутат Алмамбет Шыкмаматов, - “Азыр деле профсоюздар уюмун союздан калган мурас катары карап жатабыз. Анын ишин жаңыртып жандандырууда Эл аралык Эмгек уюмунун талаптарына шайкеш келтирүү зарыл. Негизи кесиптик бирликтер көз карандысыз уюм. Ошентсе да ачыктык керек”, - дейт кесиптик бирликтер тууралуу талкууда.

                        СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да бүгүнкү Жогорку Кеңеш жыйынынын жыйынтыктоочу маселеси болмокчу.

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2 - октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык – Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарда ал эми Чүй, Талас областтарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Ысык – Көл:13…18;  Ош, Жалал-Абад:15...20, Баткен: 16...21, Талас:11...16, Нарын: 12…17 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 2 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 27

Окшош жаңылыктар