“Ата-Мекен” парламенттик фракциясы өнөкөт бөйрөк оорулуулары үчүн гемодиализ кызматын көрсөтүү маселелерин талкуулады

04-10-2019 12:54

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын кезектеги жыйыны өтүп, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарынын алкагында өнөкөт бөйрөк оорулуулары үчүн гемодиализ кызматын көрсөтүү маселелери талкууланды.

Жыйынга тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү, тармактык мекемелер менен уюмдардын жетекчилери жана өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандар катышты.

Маселе боюнча учкай маалымат берген саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүп жатканына токтолуп: “Учурда 1235 жаран аталган оору менен ооруйт. Аларга 2018-жылга чейин тендердик негизде бир эле компания гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Бирок, оорулуулардын саны акыркы жылдары көбөйгөндүгүнө байланыштуу башка жеке менчик клиникалардын кызматтарын төлөө менен жеңилдетилген дарылоо системасын киргизүү зарылчылыгы келип чыкты”, – деди. Министрдин орун басары билдиргендей, азыркы тапта бардык оорулуу жарандар гемодиализди мурдагыдай кезек күтпөстөн, керектүү  учурда алууда.

Анткени менен Өкмөттүн кабыл алган жаңы токтомунда оорулуу жаран бир айда 12 гана жолу гемодиализден өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Калган дарылоону өзү чөнтөгүнөн төлөөгө мажбур. Ал эми көпчүлүк учурда оорулуулар бир айда 13-14 жолу гемодиализге муктаж болот.    

Ага ылайык, депутаттар аталган чектөөнү алып салуу зарылчылыгын белгилешип, тиешелүү Өкмөттүк мекемелер көйгөйдү тез арада чечүүсү керектигин кошумчалашты. Ал эми эл өкүлдөрү Сайдулла Нышанов менен Абдимуктар Маматов бул сыяктуу өнөкөт оорулардын алдын алуу жагын караштыруу менен калкты маалымат менен камсыздоону колго алууга чакырды.

Жыйын соңунда “Ата-Мекен” парламенттик фракциясы гемодиализге муктаж жарандарга керектүү каржылык маселелерди тез арада жолго коюуну жана дарылоо санын чектөө тартибин жоюуну тиешелүү министрликтерге тапшырышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 1158

Окшош жаңылыктар