Волейбол боюнча аялдар арасындагы республикалык мелдеш «Дени сак аял-дени сак улут» деген ураандын алдында өттү. Буга Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жер-жерлерде жеңип келген тандамал командалары катышты. Оюндун тартиби боюнча аялдар арасындагы бул мелдешке жогорку окуу жайлардын 40 жаштан жогорку мугалимдери тартылган.
Волейбол оюну боюнча мелдештин ачылышында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева аялдардын ден соолугу жакшы болсо, балдардын ден соолугу да жакшы болорун айтып, ал келип-келип улутубуздун дени сак болушуна негизги өбөлгө экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге эле күндөлүк түйшүгүнөн тышкары аялдардын спортко болгон кызыгуусу колдоого ала турган, үлгү боло турган көрүнүш болуп отурганына токтолду. Мелдештин катышуусуна ийгилик каалады.
Республиканын жети дубанынан 8 команда тандалып келген. Атаандаштар чучукулак аркылуу аныкталып, мелдеш күйөрмандардын чоң колдоосу менен уланып жатты. Албетте, даярдыгы мыктылары жеңип, баш байгелерге ээ болушту. Бирок, эң башкысы ынтымак жеңип, өз ара таанышып-достошуп тарашты. Мындай турнирди жыл сайын өткөрүп туруу керектигин белгилешти.
Жогорку Кеӊештин Басмасөз кызматы