Париж келишими ратификацияланса, анын алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт

08-10-2019 10:51

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, айтымында, бул келишимдин алкагында акчалай жана техникалык жардам бериле турганын белгиледи. Келишим алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөн, анын ичинде, 8 млн доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана алтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу салып алынмакчы.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 391

Окшош жаңылыктар