Тобокелчиликтин санын кыскартуу жолу менен камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыздоо маселеси тармактык комитетке кайтарылды

09-10-2019 10:33

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дасатан Бекешев 2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Мыйзам долбоору, барынан мурда, мыйзамда камтылган тобокелчиликтин санын кыскартуу жолу менен камсыздандыруу уюмдарынын финансылык туруктуулугун жана төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга жана бардык камсыздандыруу уюмдарына милдеттүү камсыздандырууну ишке ашыруу укугун берүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзам долбоору менен тараптардын макулдашуусу боюнча турак жайдын сапатына жараша камсыздандыруу суммасынан 10% өлчөмүндөгү камсыздандыруу франшизасын (франшиза – милдеттүү камсыздандыруу келишими) белгилөөнү сунуш кылат. Камсыздандыруу франшизасы камсыздандыруу учуру жаралганда камсыздандыруучуга төлөп берилбеген акча суммасы болуп саналат. Ал камсыздандыруу уюмунун тобокелчилигин азайтууга жана камсыздандырып ордун толтурууга чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам долбоору менен мыйзамдын 8-беренесиндеги камсыздандыруу учурларынын суу каптоо, узак жаан, жер алдындагы суунун деӊгээлинин жогорулашы, катуу жаан сыяктуу бир катар түрлөрүн алып салууну сунушталууда.

Талкууда турак жайларды камсыздандырууда майыптар, Чернобль апаатынын катышуучулары сыяктуу калктын айрым аялуу катмарына камсыздандырууга 50% жеӊилдик берилери айтылды. Ошону менен катар адам факторунун таасири менен болуучу кырдаалдар, селге айланганга чейинки катуу жаан жаратылыш кырсыктарынын тизмесинен алынып салынгандыгы такталды.

Бир катар депутаттар күндөп-түндөп жааган кар, катуу төккөн мөндүр сыяктуу жагдайлар эске алынбай калгандыгын сынга алышты. Андан улам, мыйзам долбоору кайра комитетке кайтаруу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 791

Окшош жаңылыктар