Өлкөнүн энергетика тармагындагы техникалык коопсуздук талаптарынын бузулушу чоӊ кесепеттерге алып келет

09-10-2019 11:00

Жогорку Кеӊеште энергетика чөйрөсүндөгү ишкердик субъекттеринин объекттерине толук жана сапаттуу текшерүү жүргүзүү максатында иштелип чыккан “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – КР Өкмөтү.

Экотехинспекциянын башчысы Жолдошбек Жунушевдин айтымында, энергетикалык коопсуздук өзүнө техногендик коркунучтун төмөнкүдөй жыйындысын камтыйт: электр коопсуздугу, өрт коопсуздугу, механикалык коопсуздук, экологиялык коопсуздук, өндүрүштүк коопсуздук жана жарылуу коопсуздугу. Энергетика тармагындагы техникалык коопсуздук талаптарынын, электр жабдууларынын иштөө режиминин бузулушу орду толгус кесепеттерге алып келет.

"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамда энергетикалык тармактын өзгөчөлуктөрү эске алынбай калган. Ошондон улам, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерин алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен текшерүүгө өбөлгө түзөт. Мыйзамга ылайык, жогорку тобокелдик даражасындагы объектилер жылына бир жолу гана текшерилет. Ошондуктан, текшерүүнүн жаӊы принциптерин аныктоо зарыл.

Текшерүү жөнүндө алдынала эскертүү экологиялык жана техникалык коопсуздукка терс таасирин тийгизүүдө. Алар текшерүү убактысын алдынала билип алышып, ченемдерди бузуу фактыларын жашырып, кетирилген кемчиликтерди үстүртөн жымсалдоо менен кутулуп кетүү амалын жасашат. Эгерде өрт боюнча гана алдынала билдирмени жиберүү жөнүндө ченем кабыл алынса, жалпысынан текшерүү жөнүндө билдирмени жиберүү зарылдыгы жоюлат.

Депутаттар ишкердиктин субъекттери жылына канча жолу текшериле турганына кызыгышты. Экотехинспекциянын өкүлү мыйзам жоболоруна ылайык ишкердиктин субъекттери жылына бир жолу текшериле турганын белгиледи. Ал депутат Эрмамат Тагаев Экотехинспекциянын өкүлдөрүн электр энергиясынын берилүү сапатына өзгөчө көӊүл бурууга чакырды. “Электр энергиясы 220 ватт менен берилиши керек болсо, бизде 150-160 ватт менен гана берилип жатат”, - деди ал.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 634

Окшош жаңылыктар