ЖАРЫЯ: 18-октябрда “2020-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу болот

18-10-2019 14:05

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин  Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Убактысы жана орду: 18-октябрь, 2019-жыл, саат 14-00, Жогорку Кеӊештин жыйындар залы

Катышуучуларды каттоо 13-30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдын ала каттоо телефондору:

63-89-10, 63-92-24 жана 69-92-67.

Көрүүлөрдүн саны : 4114

Окшош жаңылыктар