ЖАҢЫЛЫКТАР 10.10.19.

10-10-2019 09:00

Бүгүн, 10 – октябрдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан соң бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорун талкууга алып чыгат. Алардын катарында Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндөгү макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууга коюлат. “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техникалык - экономикалык негиздемесин даярдоого байланышкан мыйзам долбоору да экинчи окууда талкууланмакчы.

Жогорку Кеңеш кечээки, 9 - октябрдагы олтурумунда “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда кайра комитеттин кароосуна 67 добуш менен жөнөттү.

                          СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Талкууда депутат Сайдулла Нышанов күндөп-түндөп жааган кар, катуу төккөн мөндүр сыяктуу жагдайлар эске алынбай калгандыгын сынга алып, айрым суроолоруна адистерден жооп күттү.

                         СНХ.С.НЫШАНОВ

Табигый кырсыктардан улам жараксыз абалга келген айрым үйлөрдүн ээлеринин эмдигиче кооптуу турак – жайларында баш калкалап жаткандары бар. Алардын арманын уга турган тарап табылбаган соң, эми турак – жайларыңарды милдеттүү камсыздандыргыла деген чакырыкка кимиси ишенет? – дейт депутат Акылбек Жапаров.

                         СНХ.А.ЖАПАРОВ

2018-жылы түз инвестиция тартуу планы 76 пайызга гана аткарылган. Кала берсе айрым тармактар боюнча бюджеттик пландын аткарылбай калганы да катталган. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Азимов Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде билдирди.Талкууда депутат Умбеталы Кыдыралиев Өкмөт инвестиция тартуу жаатында өтө начар иштеп жатканын айтып, мындай абал өзгөрбөсө инвесторлор келбей калабы? – деп чоочулады.

                       СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 - октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:20...25, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 21…26; Талас: 18…23; Ысык-Көл, Нарын: 14…19  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  10 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 23…25 градус жылыйт.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 17

Окшош жаңылыктар