КСДП фракциясы өлкөнүн медицина тармагынын абалын талкуулашты

11-10-2019 14:26

Бүгүн, 11-октябрда КСДП парламенттик фракциясы КР саламаттык сактоо тутумунун учурдагы абалы (мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, саламаттык сактоо чөйрөсүндө өткөрүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат, алынган кредиттик жана гранттык каражаттардын жумшалышы) жөнүндө маселени талкуулашты.

КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана КР саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо жаатындагы программалардын ишке ашырылышы, өткөрүлүп жаткан реформалар жана ошондой эле бул багытка алынган насыялар менен гранттар тууралуу маалымат беришти.

Талкуу учурунда фракция депутаттары саламаттыкты сактоо тутумун реформалоодо ийгиликтер болгондугун, ошону менен катар токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылган көйгөйлөр бар экенин баса белгилешти.

Депутат Сайдолимжан Жураев Баткен облусундагы медициналык мекемелерде материалдык-техникалык базанын начардыгы, каржылык жана адам ресурстарынын жетишсиздиги күч экенин айтты. Министр К.Чолпонбаев Баткендеги көйгөйлөр Чек арага танапташ райондорду өнүктүрүү программасынын алкагында чечилерин билдирди.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров министрликтин кайрымдуулук фонддору жана донор уюмдар менен начар иш алпарып жаткандыгын сынга алды. Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин коӊ көӊүлдүүлүгү жана камырабастыгы Кыргызстанга келүүчү кайтарымсыз жардамдардын бюрокартиялык тоскоолдуктарга кабылышына алып келип жатат. «Гуманитардык жүк катары келген тез жардам автоунаасын чек арадан өткөрүү жана документтештирүү үчүн толук 2 ай керек болду. Анткени, Саламаттыкты сактоо министрлиги тиешелүү катты Маммүлктү башкаруу фондуна жибере албай жатты»,- дейт Т.Зулпукаров.

Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев оорукана бөлүмдөрүнүн башчылары менен башкы врачы кызмат орундарына мөөнөт белгилөө жана алардын ишмердүүлүгүн баалоо критерийлери менен конкурстук тандоо аркылуу алып келүүнү сунуш кылды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов бул тармакка системдүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдө министрликтин жетекчилиги чарбалык-экономикалык маселелерди чечүү менен алектенип калгандыгы тоскоол болуп жатканын белгиледи. «Силер медицинанын сапатына анализ, врачтардын квалификациясын жогорулатуу, ооруларды профилактикалоо, инновациялык-врачтык тажрыйбаларды киргизүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу принципиалдуу багыттарда пландуу иштерди алпарышыӊар керек»,- дейт Иса Өмүркулов.

Соӊунда фракция депутаттары КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана КР саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев тарабынан берилген маалыматтарды эске алуу менен жыйын жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлердин негизинде бир катар протоколдук тапшырмаларды КР Өкмөтүнө багытташты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 2755

Окшош жаңылыктар