ЖАҢЫЛЫКТАР 15.10.19.

15-10-2019 08:38

Бүгүн, 15 – октябрдагы олтурумунда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзам долбоорун карайт. Ошондой эле “Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун талкууга алып чыгат.

Саламаттык сактоо министрлиги кайрымдуулук фонддору жана донор уюмдар менен натыйжалуу иш алып бара албай жаткандай?! Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров өз пикирин ортого салып, аталган министрликтин кайдыгерлиги Кыргызстанга келүүчү кайтарымсыз жардамдардын бюрокартиялык тоскоолдуктарга кабылышына жол берүүдө, - дейт.  

                        СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Россияга барып иштей турган КМШ медиктери болсо аларга жарандык, турак – жайына чейин берилип, 70 миӊ рублдун айланасындагы маянасы чектелет. Ошондон улам,  врачтардын Россияга агымы артууда,- дейт депутат А.Самигуллина.

                        СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Оорукана бөлүмдөрүнүн башчылары менен башкы врачынын кызмат орундарына олтурушунун белгилүү мөөнөтү болушу керек.  Антпесе түшпөс ханга катарлаш болуп алгандары жолугат. Алардан арылуунун дагы бир жолу кызматка алуунун сынактык жолун тартиптештирүү кажет, - дейт депутат Дастан Бекешев.

                        СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Кыргызстанда дарылардын баалары башка өлкөлөргө салыштырмалуу 3 - 4 эсеге жогору болууда. Бул эмнеге байланыштуу? – деген суроого эл өкүлү адистерден жооп күттү.

                       СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15 - октябрда Ысык – Көл областынын айрым райондорун эске албаганда, калган аймактарда жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көл, Нарын областтарында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 11...16, Талас:13...18, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 17…22; Ысык-Көл, Нарын: 10…15  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  15 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 14…16 градус жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 38

Окшош жаңылыктар