ЖАҢЫЛЫКТАР 16.10.19.

16-10-2019 08:51

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Латвия Республикасына расмий иш сапар менен жүрөт. Визиттин алкагында бир катар жолугушууларды өтөөрүү мерчемделген. Анын ичинен Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин Төрайымы Инара Мурниеце, Президенти Эгилс Левитс жана тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан соң Жогорку Кеңештин делегациясынын расмий иш сапары Литва Республикасында уланат. Ал жактан Төрага Дастанбек Жумабеков Литва Сейминин Төрагасы Викторас Пранцкетис жана тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат. Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.

Бүгүн, 16 – октябрдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карайт.  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да  талкуу чордонуна коюлат. “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо,  биринчи окууга чыгарылат. “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору бүгүнкү парламент олтурумунун жыйынтыктоочу суроосу болмокчу.

Агрардык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун эл өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алуу менен кайрадан карап чыгуу үчүн  Өкмөткө кайтарды. Аталган тармактык комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков агрардык өлкө катары саналган Кыргызстан үчүн фито-санитардык лабораторияларды курууга артыкчылык берилиши керектигин айтты.

                           СНХ.Н.АЛИМБЕКОВ

2020-жылга республикалык бюджеттин жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом суммасында белгиленүүдө. Анын 163 млрд 710 млн сому жалпы кирешелер катары каралса,  чыгымдардын жалпы көлөмү болсо 173 млрд 663 млн сом деп эсептелүүдө. Маселени талкуулаган учурда депутат Мирлан Бакиров дотацияда олтурган айыл өкмөттөрүнүн абалы качан оңолот? – деген суроону көтөрдү.

                          СНХ.М.БАКИРОВ

“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөгү” мыйзам талаптары жетиштүү деңгээлде натыйжа бербей жаткандыгын айткан депутат Махабат Мавлянова, - “Социалдык стационардык мекемелерде, балдар үйүндө жана мектеп-интернаттарда бүгүнкү күндө бир дагы көзөмөлчүлүк кеңеш толук өлчөмдө иштеп кете алган жок. Анын себептерин иликтөөгө мезгил жетти”, - дейт.

                          СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Социалдык маселелер боюнча комитетте Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү маселелери каралды. Баяндама жасаган депутат Максат Сабировдун айтымында, кышкы туризмди өнүктүрүү аркылуу бир гана туристтерди тейлебестен, жолдордун абалын жакшыртып, айыл чарба азыктарынын экспортуна да жол ачылмак.  

                        СНХ.М.САБИРОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16 - октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 16...21, Талас:14...19, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 18…23; Ысык-Көл, Нарын: 12…17  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  16 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 19…21 градус жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 32

Окшош жаңылыктар