ЖАҢЫЛЫКТАР 21.10.19.

21-10-2019 08:48

Бүгүн, 21 – октябрдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору да талкуунун орчундуу бөлүгүн ээлейт.

Кыргыз - казак чек арасындагы айрым көзөмөл - өткөрүү пункттарын ачуу керек. Мындай маселеге кайрылган депутат Кенжебек Бокоев, - “Алыс барбай эле эӊ жакын кошуна Казакстанда бензиндин баасы бизден 15 сомго арзан болуп жатканда, эмнеге күйүүчү майды башка жактан кымбатка ташып жатабыз?” – деп суроо койду.

                          СНХ.К.БОКОЕВ

Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандан бери 4 жылдын жүзү болду. Анын натыйжалары баарыбызды кызыктырат. Ошондон улам, акыркы 8 айдын көрсөткүчтөрүн көзөмөлгө алсак, Кыргызстандын экспорту төмөндөп кеткенине күбө болдук, - дейт  депутат Аалы Карашев.

                         СНХ.А.КАРАШЕВ  

Жалбырактар өрттөлүп, жуунучу жайларга желим бөтөлкөлөр жагылып, үйлөрдү сапатсыз көмүрлөр менен жылытып жатканда экологиялык абал алсызданып барат. Буга тынчсызданган депутат Эмил Токтошев, - ордо калаадагы автоунаалардан чыккан уулуу заттардын ченемсиз көбөйүп жаткандыгына да жаны ачыды.

                         СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Дүйнөдө ар бир экинчи киши футболдун ышкыбозу. Ал тургай спорттун бул түрү идеологияга да айланып калган. Бул жагдайга кайрылган депутат Бакыт Төрөбаев, - футбол биримдиктин символу болуп калаарын айтып, элдин футболго болгон ынтызаарлыгын өстүрүү керектигин кошумчалады.

                        СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21 - октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9, кээ бир райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:12...17, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 15…20; Ысык-Көл:10...15, Нарын: 11…16  градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 2…+3 градус болот. Бишкек шаарында бүгүн,  21 – октябрда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 14…16 градус жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 35

Окшош жаңылыктар