Депутат Марат Аманкулов: "Өкмөт мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуу жолуна түшүүсү кажет»

22-10-2019 13:24

Бүгүн, 22-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

Талкуу жүрүшүндө депутат Марат Аманкулов мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө төлөмдөрдү накталай жүргүзүү коррупциянын башкы элементи болуп калаарын белгилеп, андыктан төлөмдөрдү, эсеп-кысаптарды накталай эмес жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. «Маселен, Транспорт жана жолдор министрлиги оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө пункттарына төлөм терминалдарын орнотуусу кажет. Бул чара төлөм төлөөдөгү ачык-айкындуулукту камсыздоого көмөкчү болот»,- дейт.

Мындан сырткары, эл өкүлү Өкмөттү энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырды. «Парламент энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзам кабыл алды. Бирок Өкмөт мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыкмайынча аталган мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес»,- дейт М.Аманкулов.

Сөзүнүн соӊунда депутат шаар куруу жаатындагы документерди: Башкы пландар жана курулуш ченемдери менен эрежелерин иштеп чыгуу боюнча долбоорлорду каржылоо зарылдыгын баса белгиледи.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 233

Окшош жаңылыктар