ЖАҢЫЛЫКТАР 23.10.19.

23-10-2019 08:43

Бүгүн, 23 – октябрдагы Жогорку Кеңеш олтурумунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууга чыгарылат. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда талкууланмакчы.

Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин олтурумунда үчүнчү окууда жактырылган. Долбоордун чегинде балдардын гигиеналык жүрүм – туруму, колду таза күтө билүүсүүнөн тартып, туура тамактануусуна чейин кылдат көңүл бурулат.

                      СНХ.Н.ЖУСУПБЕКОВА

Депутат Тариел Жоробеков мектептердин чарбалык иштерин жолго коюу канчалык деңгээлде өнүгүп жаткандыгына кызыкты.

                      СНХ.Т.ЖОРОБЕКОВ

Мектептерге таандык өздүк чарбалар тууралуу теманы улаган депутат Евгения Строкова мектеп окуучуларынын чарбалык иштерге аралашуусу алардын мээнетке бышуусуна жардам берерин белгиледи.

                     СНХ.Е.СТРОКОВА

Депутат Жанарбек Акаев, - регионлордогу өздүк өнүмдөрдү колдонууга шарттар түзүлсө жакшы болмоктугун айтып,  - "Мыйзам долбоорундагы компот деген суусундуктун катарына сироп азыгын да кошуп койсо", - деген ишкерлердин сунушу менен тааныштырды.  

                    СНХ.Ж.АКАЕВ

            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23 - октябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:15...20, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 18…23; Ысык-Көл:12...17, Нарын: 8…13  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  23 – октябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 18…20 градус жылыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 43

Окшош жаңылыктар