ЖАҢЫЛЫКТАР 24.10.19.

24-10-2019 08:49

Бүгүн, 24 – октябрдагы Жогорку Кеңеш олтуруму адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы боюнча мыйзам долбоору да экинчи окууга чыгат. Ошондой эле  “Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда талданат.

Жогорудагы аталган мыйзам долбоорун ратификациялоо менен Кыргыз Республикасы дагы мажбурлап иштетүү жосундарына каршы күрөшүүгө милдеттенме алат. Мажбурлап иштетүү көмүскө да болушу мүмкүн, ошондуктан анын алдын алуу зарыл. Кыргызстанда адамдарды мажбурлап иштетүү жосуну канчалык жайылганына, алардын статистикалык маалыматтары бар - жогуна, эл аралык протоколду ратификациялоого эмнелер себеп болгонуна кызыккан депутаттардын бири Анвар Артыков.

                            СНХ.А.АРТЫКОВ

Казакстанда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын 17си мажбурлап иштетилип жүргөн. Алардын документтерин алып коюшкандыгын айтып, өздөрү Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигине кайрылышкан. Бул тууралуу маалымат депутат Максат Сабиров койгон суроонун жообунда айтылды.  

                            СНХ.М.САБИРОВ

Депутаттар тобу тарабынан демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда республикадагы район акимдеринин жоопкерчилигин жана аларга болгон квалификациялык талаптарды күчөтүү жагы сунушталууда.Талкууда депутат Аалы Карашев жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына сөзсүз реформа керектигин айтып, ошону менен бирге отчеттуулук менен жоопкерчилик маселелери дагы кошо каралышы кажет, - дейт.

                           СНХ.А.КАРАШЕВ

“Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Марат Аманкулов, - «Мисалы, оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө пункттарына төлөм терминалдарын орнотуусу кажет. Бул эсептешүү иштериндеги ачык-айкындуулукту камсыздайт»,- дейт.

                         СНХ.М.АМАНКУЛОВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24 - октябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:16...21, Талас:15...20, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 19…24; Ысык-Көл:12...17, Нарын: 10…15  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  24 – октябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 18…20 градус жылыйт.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 44

Окшош жаңылыктар